• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде Айгүл гүлү гүл ачты – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Баткенде дүйнөдө сейрек кездешкен, Кызыл китепке кирген Айгүл гүлү гүл ачты.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, буга чейин 2026-жылдын 1-апрелине чейин сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында жарандарга "Айгүл-Тоо" жаратылыш коругуна кирүүгө тыюу салынган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, "Айгүл таш" коругу 2008-жылы Баткен облустук токой чарба бөлүмүнө өткөрүп берилген. 2001-жылы тоонун тескей тарабы тосмолор менен тосулган. Мамлекеттик коруктун жалпы аянты 254 гектарды түзөт. Ал 1978-жылы коргоого алынып, 2004-жылы гүл Кыргызстандын Кызыл китебине кирген.

Эскерте кетсек, болгону 10 эле күн гүл ачкан же өтө сейрек кездешкен бул гүлдү көрүү үчүн Кыргызстандын булуң-бурчунан башка, коңшу өлкөлөрдөн атайын туристтер келип, көрүп кетчү.

Пикир

Оставить комментарий