• 88.68
  • 95
  • 0.95

Социалдык контракт. Программага катышуу үчүн кантип арыз берүү керек?

Коом 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Мамлекет менен социалдык контрактты социалдык паспорту бар, же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр түзө алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги программасына катышуунун жол-жоболорун айтып берди.

Эгерде үй-бүлө мамлекеттин колдоосу менен жеке бизнесин баштоо чечимин кабыл алган болсо, анда райондордо жашагандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ал эми облустук маанидеги шаарлардын жана Ош шаарынын тургундары Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмүнө арыз бериши керек.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймактык бөлүмдүн кызматкерлери бизнес-планды жана социалдык адаптациялоо программасын түзүү боюнча, ошондой эле кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүндүрмөлөрдү беришет.

Облустук жана республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия тандоону жүзөгө ашырат. Ал эми райондордо тандоону эки баскычтуу комиссия жүргүзөт:

  • социалдык маселелер боюнча комиссия;
  • социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссия.

Белгиленгендей, социалдык контракт программасына катышуу чечими ыктыярдуу, эч ким үй-бүлөнү өз бизнесин ачууга мажбурлоого укугу жок.


"Социалдык контракт" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылып келет: ага ылайык, аялуу үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон бекер берилет.

Пикир

Оставить комментарий