• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде чек арачылар үйлүү болушту. Ташиев батирлердин ачкычын тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек арачыларга кызматтык үйлөрдү тапшырды. Бул ирет жаңы үйлөр Баткендеги "Кулунду" заставасындагы чек арачыларга буйруду.

Атайын кызматтан билдиришкендей, чек арачылардын турак-жай комплекси 30 батирлүү болуп, турмуш-тиричилик техникалары менен толугу менен камcыздалган, Мындан сырткары, балдар ойноочу аянтча жана башка бардык шарттары бар.

Андан соң атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кулунду" чек ара заставасынын имаратынын абалын көрүп, аскерлердин жашоо-шарты менен таанышты.

Камчыбек Ташиев Баткен жергесине жасаган жумушчу сапарынын алкагында дагы бир топ аскердик имараттардын ачылыш аземдерине катышты.

Пикир

Оставить комментарий