• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде кургак учук менен ооруган киши каналга боюн таштап каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Баткенде кургак учук менен ооруган жаран каналга боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунан 44 жаштагы З.Р., аттуу жаран качып чыгып, Батырканов атындагы каналга боюн таштаган.

Ведомствонун маалыматына таянсак, ал мас абалында болгон. Айтылган дарекке 12 куткаруучу келип, сууга аккан жарандын сөөгүн бир-туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий