• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базар-Коргондо 420 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы таратылды

Аймак 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Базар-Коргон районунун борбордук "Ак-Тайлак ата" мечитинде аймактардан келген 420 үй-бүлөгө Рамазан айынын акыркы он күндүгүндө азык-түлүк баштыктары таратылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Кайрымдуулук иш-чарасы Базар-Коргон райондук хатибияты тарабынан демилгеленип, "Икомут-Татвиир" фондунун колдоосунда ишке ашырылды. Анда муктаждарга ун, кум шекер, макарон, өсүмдүк майы, туз, күрүч таратылды.

Айта кетсек, 420 үй-бүлөгө таратылган ар бир баштыкча 1342 сомду түзсө, кайрымдуулуктун жалпы суммасы 563 миң 640 сом болду.

Пикир

Оставить комментарий