• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажы кызматынын төрагасы "Бир алкак, бир жол" форумунун алкагында сөз сүйлөдү

Экономика 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Кытайдын Пекин шаарында өткөн “Бир алкак, бир жол” үчүнчү форумунун алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков жеткирүүлөрдүн туруктуу глобалдык ырааттуулугун колдоого арналган панелдик сессияда сүйлөдү.

Бажы кызматынан билдиришкендей, өз сөзүндө Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы дүйнөлүк масштабда тоскоолдуксуз жеткирүү ырааттуулугун камсыздоого багытталган негизги чараларды белгиледи.

Ал Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы транспорттук, логистикалык жана бажы инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлордун чоо-жайы менен бөлүштү. Бул долбоорлорго төмөнкүлөр кирет:

  • Жол инфраструктурасын кеңейтүү жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.
  • Жүктөрдү контролдоо жана кайра иштетүү системаларын техникалык модернизациялоо.
  • Процесстердин натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу үчүн санариптик технологияларды ишке киргизүү.
  • Товарлардын өтүүсүн тездетүү үчүн өткөрүү пункттарында башкарууну жакшыртуу.

Бул демилгелер туруктуу глобалдык жеткирүү чынжырларын илгерилетүү жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода мамилелерин чыңдоо максатында иштелип чыккан. Самат Исабеков дүйнөлүк экономиканын алдында турган милдеттерди чечүүдө кызматташуунун жана ачык-айкындуулуктун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле “Бир алкак, бир жол” үчүнчү форумунун алкагында Пекинде Борбордук Азиянын жана Кытайдын бажы администрацияларынын жетекчилеринин расмий эмес жолугушуусу өткөн.

Жыйынга Кыргызстан, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстандын бажы кызматтарынын делегациялары катышты.

“Бирдиктүү терезе” долбоорунун алкагында жана Борбордук Азиянын жана Кытай Эл Республикасынын бажы администрацияларынын ортосундагы чек ара өткөрүү пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу боюнча алкактык макулдашууларды түзүү мүмкүнчүлүгү сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле интрузивдүү эмес текшерүү жана интеллектуалдык картографиялык текшерүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, бажылык укук бузууларга каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү жана бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашууну уюштуруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары региондун бажы администрацияларын окшош форматта бириктирүү мамлекеттердин экономикасын өнүктүрүүгө, заманбап чакырыктардын жана коркунучтардын шартында бажылык башкаруунун сапатын жогорулатууга, бажы мыйзамдарын унификациялоого көмөктөшөт деген чечимге келишти.

Пикир

Оставить комментарий