• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарында "Батыш" унаа тейлөө борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Кечээ, 15-сентябрда Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн филиалынын "Батыш" унаа калк тейлөө борбору пилоттук долбоордо расмий ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Батыш" унаа калк тейлөө борбору Бишкек шаарынын Алыкулов көчөсү 3/10 дарегинде жайгашкан. Аталган борбордун жалпы аянты 288 чарчы метрди, унаа токтотуучу аймагынын жана транспорт каражаттарын кароо үчүн аянты 2000 чарчы метрди түзөт.

"Жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында ачылган "Батыш" унаа калк тейлөө борборунда унааларды каттоодо ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Борбордун ишмердүүлүгү мамлекет менен коомдун ортосундагы аралыкты кыскартууга, кызмат көрсөтүүнүн тездигин жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, "Батыш" унаа калк тейлөө борбору "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча иштейт жана транспорт каражаттарынын мамлекеттик номердик белгилерин берүү жана транспортту каттоо/кайра каттоо боюнча тейлөө көрсөтөт. Мындан тышкары, бардык процедуралар жөнөкөйлөтүлгөн жана жөнгө салынып, электрондук кезектүүлүк тутуму ишке киргизилген.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 8 айында ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин ишинин натыйжасында өлкө бюджетине 736 млн 313 миң сом түштү.

Пикир

Оставить комментарий