• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарынын аймагында бир жумада 157 мас айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. 2023-жылы 17-февралдан 23-февралга чейинки аралыкта 157 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы бир жумада 4 миң 821 мыйзам бузуу аныкталды. Анын ичинде:
- транспорт каражатын каттоонун эрежесин бузуу – 201;
- тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 104;
- жөө өтмөктө жол кыймылынын эрежесин бузуу – 96;
- автоунаанын терезесин караңгылатуу – 31;
- коопсуздук эрежелерин бузуу – 622;
- башка эреже бузуулар – 2 миң 846;
- айып короосуна токтотулган унаалар – 764.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол эрежесин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий