• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте 1,7 млн түп бир жылдык гүл отургузулат

Коом 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы бир жылдык гүлдөрдү отургуза баштады.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жазгы жоогазындардын ордун жайкы, түстүү петуниялар, сальвиялар, тагетес, алисум жана башка көптөгөн бир жылдык гүлдөрдун түрлөрү ээлейт.

"Учурда гүлдөрдү отургузуу Токтогул көчөсү менен кесилишкен Жаш Гвардия бульвары, Жеңиш аянты, "Дене тарбия" гүлбакчасы Пушкин көчөсү боюнча Курманжан Датканын эстелигинин жанында жана "Уркуя" гүлбакчасынын жанында жүргүзүлүүдө.

Гүлзарлар улуттук оймо-чиймелер, жылдыздар, ошондой эле символикалык даталар түрүндөгү ар түрдүү композициялар менен толтурулууда. Гүлзарлардын эскиздерин Бишкек жашыл чарбанын ландшафттык дизайнерлери түзүүдө", - деп билдиришти мэриядан.

Белгилей кетсек, быйыл шаарга бир жылдык 1 млн 700 миң түп гүл отургузулат. Кооз гүлдөгөн бир жылдык өсүмдүктөрдүн негизги артыкчылыгы-жай бою гүлдөп, көздү кубантып, бир мезгил бою шаардын көркүн ачат.

Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарынан гүлдөргө аяр мамиле кылууну, үзбөөнү суранат.

Пикир

Оставить комментарий