• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте №5, 14 троллейбустардын каттамы убактылуу өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Бишкекте №5 жана №14 троллейбустардын каттамы убактылуу өзгөрөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттамдар Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 30-август саат 22:00дөн 31-август саат 10:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жабылышына байланыштуу өзгөрмөкчү.

"Бул убакыт аралыгында Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде канализациялык коллекторду куруу үчүн жер иштерин жүргүзүү пландаштырылууда", - деп белгилешти мэриядан.

Ошентип, эртең, 31-августта саат 11гө чейин №5 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрүп, түштүк багыты боюнча Абдрахманов, Байтик-Баатыр, Токомбаев көчөлөрү менен каттайт. Ал эми №14 троллейбустук каттам саат 11:00гө чейин токтойт.

Пикир

Оставить комментарий