• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте канализациялык насостук станцияны курууга тендер жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы канализациялык насостук станцияны курууга тендер жарыялады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, станцияны «Көлмө» жана «Алтын-Бешик» конуштарында куруу пландалып, узундугу 9,63 чакырымды түзгөн магистралдык канализациялык линиялар тартылат.

"Тендер чектөөсүз, эки пакеттик сатып алуу ыкмасы колдонулуп, 2-июнда 53 млн 235 миң 685 сомго жарыяланды. Сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 17-июну", - деп айтылат маалыматта.

Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган: www.zakupki.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий