• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте каратэ-до WKF боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 18.11.23. /Кабар/. Бишкекте каратэ-до WKF боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 27-декабрда №29 мектеп-гимназиясынын имаратында өтөт. Башталышы саат 09:00. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

  • Кыз-келиндер арасында: 50, 55, 61, 68, +68 кг;
  • Эркектер арасында: 55, 60, 67, 75, 84, +84 кг.

Пикир

Оставить комментарий