• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте "Комуз кыргыз элинин улуу мурасы" аттуу иш-чара өтүп, мектеп окуучулары катышты

Коом 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарында "Комуз кыргыз элинин улуу мурасы" аттуу иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара №14 мектепте, "Дордой-Плаза", "Айчүрөк" соода борборлорунда жана Чыгыш-5 кичирайонундагы арбатта болуп, ага Октябрь жана Свердлов райондорундагы мектептердин таланттуу окуучулары катышты.

Ал эми Ленин районундагы мектептерде улуттук күүлөр ойнолуп, улуттук аспап комуз күнүнө карата салтанаттуу жыйындар, иш-чаралар өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, 2019-жылдан бери Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү салтанаттуу белгиленип келет. Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары Комуз күнүн белгилөө жөнүндө жарлыкка 2019-жылдын июль айында кол коюлган. Бул майрам элдин ынтымагын чыңдоого, коомчулуктун башын бириктирүүгө, ошондой эле этникалык коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий