• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Коом 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана согуш учурунда оорукта кызмат өтөгөн ардагерлерди Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы куттуктады.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, башкармалыктын кызматкерлери ардагерлер үчүн атайын даярдалган чакан белектерин тапшырып, жакшы каалоо-тилектерин жана бактылуу каарылыкты каалап кетишти.

“Сиздердин азыркы тынчтык шартында жашап жаткан заманга кошкон, сиздердин басып өткөн жолуңуздарды жана мамлекеттин бүтүндүгүнө кошкон чоң салымыңыздарды терең баалайбыз. Сиздерге таазим....”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий