• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жылуулук өткөрүүчү түтүктөн адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Бишкекте жылуулук өткөрүүчү түтүктөн адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Свердлов районундагы А.Үсөнбаев жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук өткөрүүчү түтүгүндө (теплотрасса) белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, болжол менен 30-35 жаштагы славян улутундагы эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий