• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкектеги кафелердин биринен тамактанган төрт адам ууланды

Ден соолук 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Бишкектеги кафелердин биринен тамактанган төрт адам ууланган. Бул тууралуу Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, майрамдык эс алуу күндөрү 1-январдан 7-январга чейин Бишкек шаары боюнча бир уулануу фактысы катталып, анда төрт адам жабыркаган.

Жабыркагандар 3-январь күнү “Белес” кафесинен тамактанышкан. Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алардын абалы жеңилдеген. Учурда тамакка ууланган төрт адам амбулатордук дарыланууда.

Адистер тарабынан аталган кафеде текшерүү жүргүзүлүп, баардык тамактардын, суунун, идиш-аяк жуучу каражат жана идиш-аяктардан экспертиза үчүн үлгүлөр алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Андан тышкары, мекеменин кызматкерлери да текшерүүдөн өткөн.

Пикир

Оставить комментарий