• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектеги тамактануу жайлар жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү иштерин жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Бишкектеги тамактануу жайлар жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү иштерин жүргүздү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, "ANT'S" кафеси өз каражаттарынын эсебинен 300 даана тосмо көчөттөрүн жана 6 кг көк майдан үрөнүн сатып алды, борбордогу "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын багбандары көчөт отургузууга жардам беришти.

«3 комнаты» кафеси 600 даана тосмо көчөттөрүн жана 7 кг көк майдан үрөнүн сатып алса, отургузууга Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жана акимчиликтин кызматкерлери жардам беришти.

"Борусан Макина Кыргызстан" компаниясы Октябрь районунун Тунгуч кичирайонунун гүлбакчасына 20 карагай отургузду.

Свердлов районунун аймагында "Бакдөөлөт" КФ тарабынан Шабдан Баатыр проспектиси боюнча 370 көчөт - 250 эмен жана 120 туя отургузулду. Аламедин-1 жана Учкун кичирайондорунун жаштар канаты №38 орто мектебинин жанына 30 ак кайың тигишти.

Борбор калаанын мэриясы борборду жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө кошкон салым үчүн ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий