• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы үч күнгө өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы үч күнгө өчүрүлөт. Бул тууралу "Газпром Кыргызстан" компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-5-октябрь аралыгында 1975-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы түтүктө газдын чыгуусун токтотуу боюнча иштер пландалып жатат.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт: Фучик, Чоң Чүй каналы, Черепки 2, Жибек Жолу.

Ошондой эле №7705 аскер бөлүгүндө дагы газ болбойт.

Пикир

Оставить комментарий