• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Биринчи май районунда сугат иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районунда сугат иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 5-апрелде "Транзит" жогорку каналынан Скрябин көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин сугат суусу берилди.

Сугат суусунун агымы Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн аянтын, ошондой эле Эркиндик бульварын толугу менен камтыйт. Суу агымынын көлөмү секундасына 200 литрди түзөт. Сугаруу ишин "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Мэриядан белгилешкендей, жакынкы убакта "Г-1" каналына Ала-Арча дарыясынан Ч.Айтматов проспектисине чейин, Чыгыш Чоң Чүй каналына Байтик Баатыр көчөсүнөн Ала-Арча дарыясына чейин, ошондой эле Т.Молдо, Исанов, Логвиненко, Игембердиев, Фучик, Эркиндик бульвары, Киев, Чуйков көчөлөрүнүн боюндагы сугат тармактарына сугат суусун берүү пландалууда.

Ал эми жашыл аянттарга суу тоскоолдуксуз жетүүсү үчүн "Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери арыктарды тазалоодо.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунда Орозбеков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде, Профсоюз көчөсүндө, Фучик жана Ленская көчөлөрүнүн кесилишинде 3 скважина жана Раззаков жана Түгөлбай Ата көчөлөрүнүн кесилишинде 1 суу алгыч иштейт.

Эскерте кетсек, 29-марттан тарта Бишкек шаарынын Октябрь районунда сугат иштери башталган.

Пикир

Оставить комментарий