• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл 385 жаран тамак-ашка ууланган – башкы санитардык дарыгер

Коом 0

Бишкек, 09.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын тогуз айында өлкө аймагында 385 жаран тамак-ашка ууланган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министрдин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы объектилерди санитардык талаптар боюнча текшерүүгө киргизилген мораторийге 3,5 жыл болду.

“Бир гана пандемия учурунда санэпидрежимин сактоо боюнча текшерүүлөр болду. Буга чейин объектилердин ачылышында барып текшерчибиз. Эгер талаптарга жооп берсе гана ачылчы. Азыр андай ыйгарым укуктарыбыз жок. Ишкана ачылгандан кийин үч жыл толгончо текшере албайбыз, ошондой эле үч жылдан кийин башка адамга каттатып койсо дагы созулуп кетет. Мындан сырткары, текшерүүлөр жылына кыскарып жатат, эң жаман объектке дагы жылына экиден ашык барганга болбойт”, - дейт ал.

Арыкбаева 2022-жылы 1 миң 952 объект текшерилгенин айтып, анын ичинен санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу 1 миң 670 объектте катталганын маалымдады.

“Протоколдор толтурулуп, 4 млн 503 миң сомго айып салынды. Жалпы 1 миң 756 көрсөтмө берилди, анын ичинен 18и ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча болсо, үчөөнүн материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлдү”, - деди ал.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери быйыл тамак-ашка уулануу боюнча 69 учур катталганын белгилеп, андан 385 адам жабыркаганын кошумчалады.

“2019-жылы тамак-ашка уулануу боюнча 185 учур (558 адам), 2020-жылы 90 учур (267 адам) жана 2021-жылы 93 учур (569 адам) катталган”, - деп айтат министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий