Бишкек, 14-июль /Кабар/. Үч эмдин ата-энесине Бишкек шаарынын мэриясынан 90 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү. Биринчи май райондук администрациясынан билдиришкендей, райондун башчысы Аскарбек Алиев Кошариналардын үй-бүлөсүн үч эмдүү болушу менен куттуктады.
Аким аларга белектерди жана бир жолу берилүүчү материалдык жардам көрсөттү.
Үч эм 2017-жылдын 22-майында жарык дүйнөгө келишкен, аларга Алена, Алексей жана Сергей деген ысымдар ыйгарылган.
Пикир
Оставить комментарий