• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө жол инспекторлору кош бойлуу келинди төрөт үйүнө жеткирүүгө көмөк көрсөттү

Коом 0


Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Чүй облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кош бойлуу келинди төрөт үйүнө жеткирүүгө көмөк көрсөттү.

Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек - "Манас" аэропорту унаа жолунда саат 10:00 чамасында Дача-Суу айылынын жанынан “Хонда СРV” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу саммит учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан кызматкерлерге жардам сурап кайрылган.

Ал унаадагы келинин төрөт үйүнө алып бара жатканын айтып, келини кыйналып жаткандыгына байланыштуу ооруканага кошто жеткирип коюну өтүнгөн.

Ошол замат кызматкерлер жетекчиликтен коштоп жүрүүгө уруксат алып, андан соң унаанын коштоо менен келинди Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүнө сак саламат жеткиришкен.

Кийин айдоочу келини аман-эсен көз жарып алгандыгын айтып, жол инспекторлоруна рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий