• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Элчи Өмүралиев ТИКАнын төрагасы Сердар Чам менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) төрагасы Сердар Чам менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар учурдагы долбоорлорду жана келечектеги кызматташтык боюнча пландарды талкуулашты.

К.Өмүралиев көп жылдардан бери ТИКА тарабынан Кыргызстандагы көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууга берилип келе жаткан техникалык жана финансылык жардамдарына ыраазычылыгын билдирди.

"Жолугушуунун соңунда жогорку стратегиялык деңгээлдеги ар тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгын белгилеп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын мындан ары да өнүгүүсүнө ишенимин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий