• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Жусупов ЭДУнун башкы катчысы Арсенио Домингес менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 06.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов Эл аралык деңиз уюмунун (ЭДУ) башкы катчысы Арсенио Домингес менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 4-апрелде ЭДУнун штаб-квартирасында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө башкы катчы Кыргыз Республикасын уюмга кошулушу менен жылуу нугунда куттуктап, аны Эл аралык деңиз уюмунун толук кандуу мүчөсү катары кабыл алды.

ЭДУнун башчысы БУУнун адистештирилген мекемелеринин бири болгон уюмдун негизги милдеттери, максаттары, түзүмү жана учурдагы ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Лондондогу ЭДУнун штаб-квартирасында жайгашкан 300 эл аралык кызматкерден турган катчылыкты жетектеген башкы катчы Уюмдун эң жогорку башкаруучу органы бардык мүчө-мамлекеттерден турган Ассамблея экенин жана Кыргызстан азыркы учурдан тартып ЭДУда толук добушка ээ экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен ЭДУнун өз ара аракеттенүү механизмдери, кызматташуунун “жол картасын” даярдоо маселелери талкууланды, ал башка маселелер менен катар Уюмдан Кыргызстанга консультациялык жана техникалык жардам көрсөтүүнү камтыйт. кадрларды жана адистерди даярдоо, өлкөнун кеме чарба тармагын модернизациялоо жана жакшыртуу жана башкалар талкууланды.

Тараптар ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди — климаттын өзгөрүшү жана анын адам жашоосуна тийгизген таасири, деңиз транспортунун коопсуздугу жана деңиз соода маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын элчиси курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эл аралык сооданы өнүктүрүү маселелери универсалдуу мүнөзгө ээ жана бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен ар кандай универсалдуу эл аралык платформаларда каралып, чечүү зарылчылыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий