• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Билим берүү министрлигинин системасына киргизилген электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-мартта окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөөчү программанын негиздөөчүсү Б.С.А. өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу жана алдамчылык фактысы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул программалык камсыздоонун башкы директору жана негиздөөчүсү материалдык жактан баюу максатында, кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу менен кош бухгалтерияны колдонуп, алынган кирешелер тууралуу жалган маалыматтарды берүү менен салыктарды төлөөдөн качкандыгы, натыйжада мамлекеттик бюджетке жылына 19 миллион сомдон ашык салык төлөмдөрү (КНС, СС) түшпөй калган. Ошондой эле ишенимге кирип, биргелешкен иштин кирешесинен түшкөн дивиденддерди убада кылып, алдоо жолу менен тең уюштуруучулардын акча каражаттарын өздөштүрүп алганы аныкталды.

Учурда бул окуяга тиешеси бар бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий