• 88.68
  • 95
  • 0.95

Энергетика министрлиги жаш кадрларды 3 айлык стажировкага чакырат

Коом 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Энергетика министрлиги жаш кадрларды 3 айлык мөөнөткө стажировкага чакырат. Башкы максат жаштарга иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү жана аларды иш алып барууга үйрөтүү болуп саналат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жаш кадрлар министрликтин борбордук аппаратынын кызматы менен жакында тааныша алышат.

Министрликтин төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрүндө стажировка өтсө болот:

  • Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы;
  • Тышкы байланыштар жана долбоорлорду илгерилетүү башкармалыгы;
  • Отун ресурстары, газ жана жылуулук менен камсыз кылуу бөлүмү;
  • Энергоэффективдүүлүк, энергияны сактоо жана кайта жаңылануучу булактарын өнүктүрүү бөлүмү;
  • Адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү;
  • Талдоо жана пландаштыруу сектору;
  • Финансы жана техникалык камсыздоо сектору.

Стажировка өтүү үчүн 21 жаштан жаш эмес, энергетика, техника, юридика, экономика, финансы, филология, маалымат технологиясы багыттары боюнча жогорку билими бар Кыргызстандын жарандары кабыл алынат.

Байланыш номери: 0552-999-921

Пикир

Оставить комментарий