• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

ИИМдин Башкы штабынын башчысы дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Абдиш Коомбаев ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Коомбаев Абдиш Абазович – милициянын полковниги. 1969-жылы 23-февралда туулган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүрүп, 2008-жылы Россиянын Ички иштер министрлигинин Академия башкармалыгын аяктаган. Юридика илимдеринин доктору.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органында иштеп жаткан учурунда мамлекеттик жана түзүмдүк төш белгилер менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий