• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМдин Коомдук кеңеши чек арадагы куралдуу жаңжал учурундагы милиция кызматкерлеринин ишин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши Тажикстан менен чек арада болгон куралдуу жаңжал учурундагы милиция кызматкерлеринин ишин талкуулады.

КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 27-майдагы отурумга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутов, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысынын орун басары Айбек Жайлообаев, ИИМдин республикалык окуу борборунун башчысынын орун басары Асел Осмонова, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары Жолболду Кочконов жана Коомдук кеңештин мүчөлөрү катышты.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, Тажикстан менен чек арадагы куралдуу жаңжал республиканын укук коргоо кызматкерлери үчүн гана эмес, Кыргызстандын жарандары үчүн да оор сыноо болуп калганын белгиледи.

Ал эми Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов Баткен районунун бардык чек арадагы айылдары толугу менен кайтарууга алынганына токтолду.

“Кызматкерлер блокпостторду орнотуп, патрулдук милициянын топтору күнү-түнү коомдук тартипти камсыз кылышты. Ыкчам тергөө топтору уюштурулду. Мындан тышкары, Баткен облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга катышкан Ички иштер министрлигинин жана Ички аскерлеринин күчтөрүн жана каражаттарын координациялоо максатында Ички иштер министрлигинин Ыкчам штабы түзүлдү”, - дейт Исмаилов.

Ошондой эле ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары Жолболду Кочконов коомдук кенештин мүчөлөрүнө 2020-жылдын 12 ай ичинде мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин абалы жөнүндө маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий