• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ипотекалык үй иштеген жери боюнча гана берилет — адистин түшүндүрмөсү

Коом 0


Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Жарандар ипотекалык турак жайды иштеген жери боюнча гана ала алат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал каражат мамлекеттин эсебинен берилип жаткандыктан, ага алынган үй коммерциялык багытта пайдаланылбашы керек экенин айтты.

“Мисалы, сиз көлдө иштейсиз. Батирди Бишкектен алдыңыз. Бирок жумушуңуз көлдө болгону үчүн Бишкектеги батирди ижарага берип коммерциялык багытка колдонуп жиберишиңиз мүмкүн. Ошол себептүү турак жай иштеген жери боюнча гана берилет”, – дейт башкы адис.

Пикир

Оставить комментарий