• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Исфана шаарында мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөргө айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 11.01.18 /Кабар/. Баткен облусунун Исфана шаарында өз билемдик менен мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөргө 200 000 сом айып салынды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспекциянын Баткен, Сүлүктү шаарлары, Баткен жана Лейлек райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын текшерүүсүндө, Исфана шаарынын Пулон көчөсүндө жеке ишкер өз билемдик менен эч кандай уруксаат кагаздары жок, курулуш жүргүзгөн. Андан сырткары курулушту соода түйүнгө ылайыктап мыйзамсыз колдонуп жаткандыгы такталган.

Жеринде Мамэкотехинспекциянын адистери тарабынан тийиштүү кагаздар толтурулуп, курулушту буздуруу талабы коюлган. Бирок белгиленген мөөнөттө Инспекторлордун талаптары аткарылбагандыктан, курулуш ээлерине 200 000 сом айып салынып, курулушту буздуруу талабы коюлган. Андан соң материалдар Лейлек райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Лейлек райондук соту Мамэкотехинспекциянын койгон талаптарын канаатандырып, жакынкы күндөрү курулушту буздуруу иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий