• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кайгуул кызматкерлери суукта туруктуу жашаган жери жок жарандарга жардам көрсөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Суук аба ырайына байланыштуу Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаган жери жок жарандардын ичинде көчөдө суукта тоңуп, үшүп калган фактылар көп катталууда.

Бул боюнча Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына жарандар тарабынан кайрылуулар келип түшүүдө, - деп маалымдайт Милициянын кайгуул кызматы.

"Туруктуу жашаган жери жок жарандарга кайгуул кызматкерлери жардам көрсөтүүдө. Эки сутка ичинде 15 адам аныкталып, алар “Коломто” муниципалдык жайына жеткирилди. Ал жерден бул жарандар ысык тамак жана убактылуу түнөөчү жай, ошондой эле медициналык жардам ала алышат", - деп айтылат билдирүүдө

Пикир

Оставить комментарий