• 88.68
  • 95
  • 0.95

Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу ал "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Ал Кыргызстандын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык президент кызматтан кеткенден кийин анын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасына өтөрүн белгилеп, бирок президенттин милдеттерин аткаруудан баш тартарын билдирди.

"Учурдагы коомдук-саясий кырдаалды эске алып, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын ыйгарым укуктарынын юридикалык жактан аяктоо алдында тургандыктан Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткаруудан баш тартам", - деди ал.

Эскерте кетсек кечээ, 15-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.

Пикир

Оставить комментарий