• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Караколдо өспүрүмдөрдүн урушунан бир бала жаракат алып, ооруканага түштү

Аймак 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Каракол шаарында жаш өспүрүмдүмдөдүн урушунан улам бир өспүрүм денесинен залакат алып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу облустук милимицядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уруштун уюштуручулары аныкталып, камакка алынды.

9-апрелден 10-апрелге караган түнү Каракол шаарында караган түнү саат 00:05 чамасында Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан Каракол шаарынын 2004-жылы туулган тургуну денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөндүгү боюнча билдирүү келген.

Тергөө-ыкчам тобу тарабынан күбөлөр суралып, төмөнкүлөр аныкталган: 9-апрелде жабырлануучу достору менен Кашка-Суу кичи районунун жанындагы футбол аянтчасында ойношкон. Бул учурда аларга Макеш аттуу бала тааныштары менен келип, жабырлануучуну чакырган. Жабырлануучу аларга жакындаганда келген жигиттердин бири аны башка таш менен уруп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучунун достору аны облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнө жеткиришкен.

Бул факт Каракол шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ошондой эле жабырлануучунун жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

10-апрелде сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жаш өспүрүмдөр арасындагы урушка тиешеси бар адамдар аныкталып, алардын баардыгы шаардык милицияга жеткирилип, тергөө амалдары мыйзам чегинде жүргүзүлгөн.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шаардык милицияга 8 жаш өспүрүмдүн мыйзамдуу өкүлдөрү чакырылып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча сурак жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө уруштун уюштуруучулары Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын тургундары 16-жаштагы М.А. жана 15-жаштагы А.А. экени аныкталган.

Аталган жаш өспүрүмдөргө карата мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда КР Жазык-поцессуалдык кодексинин 233-235 (Шектенүү жөнүндө кабарлама, Шектенүү жөнүндө кабарлоонун мазмуну, Шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшыруу тартиби) беренелеринин негизинде кылмышка шектүү жөнүндө кабардамалар берилип, ошол эле кодекстин 98-беренесинин (Кармоонун негиздери) негизинде Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 24 саатка киргизилди.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Каракол ШИИБдин тергөө кызматынын өндүрүшүндө болуп, бардык тергөө амалдары мыйзам чегинде объективдүү жүргүзүлүүдө жана Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий