• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда ысырапкерчиликтин алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда ысырапкерчиликтин алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президенти Садыр Жапаров буга чейин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлыктын максаты катары жарандардын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо көрсөтүлгөн.

Буга байланыштуу Жалал-Абад облусунун аймагында милиция тарабынан эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Атап айтсак, Тогуз-Торо районунун акими М.Карагулов, РИИБдин башчысы Т.Сабырканов жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кош-Булак, Додомол айылынынын тургундары менен жолугушуу болуп өттү. Анда президенттин ысырапкорчулуктун алдын алуу багытындагы жарлыгы боюнча маалыматтар жеткирилди.

Ал эми Аксы районунун Кара-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылары менен биргеликте тейлеген аймактарында жыйындарды өткөрүшүп, түшүндүрүү жумуштары алып барылды.

Ысырапкерчиликтин алдын алуу иштери Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан да аткарууга алынып, жергиликтүү калк арасында жолугушуулар уюштурулду. Милиция тарабынан бул жарлыктын аткарылуусуна көңүл кош мамиле кылбоо, туура эмес диний ырым-жырымдардан арылуу зарылдыгы жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий