• 88.68
  • 95
  • 0.95

Караколдун Жамансариев көчөсү оңдоодон кийин ачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Каракол шаарынын Жамансариев көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Бул тууралуу шаар мэри Чыңгыз Бапаев билдирди.

Анын айтымында, Жамансариев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн тартып Кирпичный завод районуна чейинки бөлүгү толугу менен оңдолуп, колдонууга берилди.

“Белгилей кетсем, 2022- жылы аталган көчөнүн Токтогул көчөсүнөн тартып Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен оңдолгон. Бардык курулуш иштери "Каракол-өнүгүү чекити" долбоорунун алкагында жүрүп жатат”, - деп белгиледи калаа башчысы.

Пикир

Оставить комментарий