• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР делегациясы КМШга мүчө мамлекеттердин билим берүү кызматкерлеринин VI съездине катышууда

Билим 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы КМШга мүчө мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин VI съездине катышып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, съезд Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүүдө. Съезддин башкы темасы – «Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин билим берүү мейкиндиги – анын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу».

Бул иш-чарага Кыргызстандын атынан билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов, өлкөнүн мектептеринин директорлору жана мугалимдери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышууда.

Съездде кыргызстандык делегациянын жетекчиси катары министрдин орун басары Н. Жусупбекова сөз сүйлөдү. Ал туруктуу өнүгүү маселелери ар кайсы аспекттерде КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын, көптөгөн мамлекеттик майдандарында жана билим берүү аянтчаларында көтөрүлүп келе жатканын, ошондуктан Кыргызстан туруктуу өнүгүүгө жетүү милдетин 2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясына да, 2040-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү программасына да киргизгенин белгиледи.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакуновдун белгилешинче, съезддин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн жалпы билим берүү уюмдарындагы билим берүүнүн сапатын арттыруу, билим берүү системасына инновациялык технологияларды киргизүү, санариптик доордо мугалимдердин кесиптик жактан өнүгүүсүн кубаттоо системасын түшүнүү маселелери каралууда.

Съезддин алкагында Нарын облусунун Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин информатика мугалими Н. Макелеева, Бишкек шаарынын №67 мектеп-гимназиясынын информатика мугалими Е. Бережнова, Ош гуманитардык университетинин Лингвистикалык изилдөөлөр борборунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор К. Зулпукаров «КМШ билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты.

Ошондой эле алгачкы Педагогикалык чеберчилик эл аралык фестивалын өткөрүү мерчемделүүдө, анын жыйынтыгы боюнча «Мугалим», «Тарбиячы», «Психолог/социалдык педагог» деген үч номинацияда байге ээлери аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий