• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

КР СӨП менен Сиань Эл аралык сооданы өнүктүрүү кеңеши меморандумга кол койду

Экономика 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) менен Кытайдын Сиань Эл аралык сооданы өнүктүрүү кеңеши соода-экономикалык кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту, деп билдирет КР СӨПтүн басма сөз кызматы.

Аталган эки уюмдун жетекчилери Темир Сариев жана Ран Хонбин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Сиань Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан айтылган байыркы Жибек жолун калыбына келтирүү идеясын ишке ашыруунун демилгечиси болгон маанилүү хаб порт шаары.

Андан тышкары, бизнес-форум өтүп, аянтчага жүздөн ашык ишкер чогулду. Кыргыз бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү өлкөнүн экономикалык потенциалын көрсөтүп, кытайлык кесиптештери менен пикир алмашышты.

Кытай бизнеси энергетика, логистика сыяктуу экономиканын түрдүү тармактарына инвестиция тартууга, ошондой эле кытайлык автоунааларды сатууга жана Кыргызстанда автотетиктерди сактоочу кампаларды ачууга кызыкдар экенин көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий