• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мектеп окуучулары "Бишкекжашылкурулуштун" ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Борбор калаадагы №9 жана №2 орто мектептеринин окуучулары үчүн «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы тарабынан окуу экскурсиясы өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектеп окуучулары күнөсканага барып, көп жылдан бери шаар үчүн эмгектенип келе жаткан кызматкерлердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучуларды айрыкча күнөскананын түзүлүшү жана андагы өсүмдүктөрдүн өсүү механизациясы кызыктырды. Балдарга Бишкек шаарындагы алгачкы күнөсканалардын жаралуу тарыхы, биринчи отургузулган көчөттөр жана гүлдөр тууралуу айтып беришип, күнөскана кызматкерлери менен тааныштырышты.

Экскурсиянын алкагында борбор калаадагы мектептердин окуучулары убакытты пайдалуу өткөрүп, «Бишкекжашылкурулуштун» ишмердүүлүгү тууралуу көп маалымат алышты.

Экскурсиянын максаты - балдар мекеменин кызматкерлеринин бүткүл иш процесси менен толук таанышып, шаарыбызды көрктөндүрүү үчүн күнү-түнү иштеп жаткан кызматкерлердин эмгегин сыйлоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий