• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМи «Фейсбук» корпорациясы менен бирдикте санарип дипломатия боюнча вебинар өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 11.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-сентябрында КР Тышкы иштер министрлиги «Фейсбук» корпорациясы менен бирдикте Тышкы иштер министрлигинин жана КРнын чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери үчүн санарип дипломатия боюнча вебинар өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара дипломаттарды кеңири аудиторияга жеткирүү жана эларалык маалымат мейкиндигинде өлкөнү жана анын кызыкчылыктарын натыйжалуу пропагандалоо үчүн социалдык тармактарды колдонуунун мыкты көндүмдөрүнө үйрөтүүгө арналган.

Вебинардын ачылышында Фейсбуктун Коомдук саясат боюнча башчысы Джордж Чен сөз сүйлөп, Кыргызстан санариптик дипломатия боюнча семинар уюштурулган Борбордук Азиядагы биринчи өлкө болгонун белгиледи. Мунун себептеринин бири - Кыргызстандын активдүү санариптик трансформациясы, буга байланыштуу ал «Фейсбук» корпорациясынын кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Өзүнүн жооп сөзүндө КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Фейсбуктун бардык командасына вебинарды уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өлкөнүн тышкы саясий кызыкчылыктарын илгерилетүү, ишенимдүү маалыматты кеңири аудиторияга жайылтуу жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн баракчалары аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам көрсөтүү үчүн социалдык тармактарды колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Н.Ниязалиев КРнын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчилиги менен биргеликте Фейсбук жана Инстаграмдагы элчиликтердин жана консулдуктардын баракчаларын верификациялоо үчүн көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Фейсбук командасына КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, Коргоо министрлигине COVID-19 эмдөө программасын жарнамалоого жардам бергени үчүн ыраазычылык айтып, бул маселе боюнча мындан ары тыгыз кызматташууга үмүт билдирди.

Пикир

Оставить комментарий