• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

"Кумтөр" ишканасы 5 млрд литр таза сууну акысыз негизде колдонуп келет

Коом 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. "Кумтөр голд компани" ишканасы техникалык муктаждык үчүн 5 млрд литр өлчөмүндө таза сууну акысыз негизде колдонуп келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Centerra Gold Inc`тин директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк билдирди. Айта кетсек, ал бүгүн компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан кете тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын аталган компания Петров көлүнөн 5 млн куб метр таза сууну колдонуп келет. Ал 5 млрд литр сууга барабар.

Бөлтүрүк Centerra Gold Inc сууну колдонуу боюнча ар кандай сандарды берип келгенин белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий