• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Премьер-министр белгилегендей, кыргыз өкмөтү инвесторлорду коргоого жана иштөө үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Тараптар бизнес, IT технологиялар, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз кезегинде Сигэки Маэда Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кызматташуунун чоң потенциалы бар экендигин белгилеп, япон компаниялары Кыргызстанда программалоо жана IT технологияларын окутуу боюнча мектеп ачууга даяр экендигин кошумчалады.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары активдештирүү жана кеңейтүү тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий