• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 26.05.20 /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И мырза менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маектин жүрүшүндө тараптар COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты. Министр Ч.Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө кыргыз тарабына такай гуманитардык жардамдарды көрсөтүп жатканы үчүн кытай тарабына ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, министрлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечектерин, анын ичинде, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу маселелерин, ошондой эле кыргыз-кытай биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн КЭРден адистердин келүүсүн жана кыргыз экологиялык таза продукциясын КЭРге экспорттоону талкуулашты.

Коронавирустук инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин эске алып, КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөнүн бюджетине карата тышкы карыз жүгүн жеңилдетүү маселесинде көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий