• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат

Билим 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда 8-апрелден тартып 2024-2025 окуу жылына балдарды 1-класска электрондук каттоо башталат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге кабыл алуу жылдагыдай эле 1-класска 6 жана 7 жаштагы балдар кабыл алынат.

"Кабыл алуу былтыркы окуу жылында кандай кабыл алынса, быйыл дагы ошондой тартипте жүргүзүлөт. Биз 12 жылдык билим берүү системасына өткөнгө даярданып жатабыз. Бул этап-этабы менен жүргүзүлүүчү жумуш болгондуктан эч кандай адашуулар болбош керек. Бизде мурда нөлүнчү класстар 480 саат "Наристе" окуу программасы боюнча окутулуп келген. Быйыл деле 6 жашка чыккан балдар ошол программа боюнча окутула берет. Эгерде бала 7 жашка чыкса, анда ата-эне аны 1-класска каттатууга милдеттүү болуп саналат", - деген ал 12 жылдык окутуу боюнча кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Министрдин орун басары маалымдагандай, быйыл дагы жылдагыдай эле 1-класска кабыл алуу эки этап менен жүргүзүлөт:

  • биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин;
  • экинчи этап 3-июндан 30-августка чейин.

"Ротация болгон аскер жана милиция кызматкерлеринин балдарын 1-класска кабыл алууда жеңилдиктер каралат", - деди Касымалиев.

Ошондой эле ал балдарды кабыл алууда экзамен уюштуруп, андан өткөн балдарды кабыл алуу деген түшүнүк болбой турганын кошумчалады.

"Ошондуктан биз жашаган жана катталган жери боюнча автоматташтырылган электрондук система боюнча кабыл ала беребиз. Даярдыктан өткөрүү керек деген нерсе болбош керек", - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий