• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда балдар арасында рак оорусунун өсүшү байкалууда – ДССУ

Ден соолук 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда балдар арасында рак оорусунун өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.

Маалыматтарга ылайык, 2022-жылы 157 балада, 2021-жылы 99 балада, 2020-жылы 139 балада рак оорусу аныкталган.

Белгиленгендей, мындай маалыматтар улуттук өнөктөштөрдүн катышуусунда өткөн тегерек столдун жүрүшүндө айтылды.

“2021-жылдан тарта ДССУнун техникалык колдоосу менен Кыргызстан шишиктердин бардык эпидемиологиясына көз салууга, дарылоонун натыйжаларына, дарылоонун түрлөрүнө жана бейтаптардын мындан аркы тагдырына жана оорунун жыштыгына баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды онкологиялык реестрге киргизе баштады", - деп билдирди ДССУдан.

Пикир

Оставить комментарий