• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 440 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 440 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 109 адамдан, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 162, Ош облусунда – 24, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 39, Баткен облусунда 25 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 524 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 132, Ош шаарында – 35, Чүй облусунда – 137, Ош облусунда – 33, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 69, Жалал-Абад облусунда – 49, Баткен облусунда 52 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкекте – 1, Чүй облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда – 1, Ош облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 635 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 528 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 5, стационардан 10 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 956 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 649 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 74 миң 373 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 66миң 113 киши айыгып чыкса, 1 миң 285 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий