• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жумада 13 миң 670 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 19-25-апрель аралыгында COVID-19ду жуктуруунун 10 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинде 7 учуру бүгүн катталды. Бардыгы Бишкектен чыккан.

Бир жумада 13 миң 670, ал эми бир суткада 1 миң 572 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн.

Стационарда үч, амбулатордук дарыланууда 18 бейтап бар.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 200 миң 990 адам коронавируска чалдыккан, 2 миң 991 адам бул илдеттен каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий