• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда инфляциялык процесстер басаңдоодо – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда инфляциялык процесстер басаңдоодо. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын декабрында жылдык инфляция көрсөткүчү 7,3 пайызды, ал эми 2024-жылдын январында – 5,9 пайызды түздү.

"Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарлар тобуна баалардын өсүш арымынын жылдык мааниде 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайыздан 2024-жылдын январында 1,9 пайызга чейин туруктуу арымда басаңдагандыгы белгиленген. Ошол эле учурда азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар кыйла жай арымда басаңдап, айрым товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүнө карата тарифтик саясатты кайра караштыруу боюнча административдик чаралардын таасирин чагылдырган", - деди ал.

Карабаева белгилегендей, тышкы чөйрөдө орун алып турган шарттар Кыргызстандагы инфляциялык процесстерге карата негизги факторлор катары сакталып турат жана алардын орун алышы базалык инфляциянын максаттуу деңгээлге кыйла жай арымда кайтып жаткандыгын тастыктоодо.

"Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунун баа коньюнктурасы ар тараптуу сакталып турат: азык-түлүккө дүйнөлүк баалар акырындап төмөндөөдө, ал эми глобалдуу мунай жана алтын рынокторунда баалардын өзгөрүп турушу сакталууда. Мындай шарттарда базалык инфляциянын, ошондой эле калктын жана экономикалык субъекттердин инфляциялык күтүүлөрүнүн мындан аркы төмөндөшү 2024-жыл ичинде акча-кредит саясатын иштеп чыгууда жана жүргүзүүдө негизги артыкчылык болуп саналат", - деди Улуттук банктын расмий өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий