• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык авто сүйүүчүлөргө эми “Кеңейтилген CarCheck” сервиси жеткиликтүү

Коом 0


Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Кыргызстандык авто сүйүчүлөргө эми “Кеңейтилген CarCheck” сервиси жеткиликтүү.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, “Кеңейтилген CarCheck” сервиси 2023-жылдын 7-августунда расмий түрдө ишке киргизилген.

Бул эмне?

“CarCheck” - мамлекеттик номери боюнча транспорт каражаты, ажыратылганынын жана ээлик кылган мезгилдери жөнүндө маалыматтарды текшерүүгө мүмкүн болгон сервис.

Транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды текшерүү өтө популярдуу болууда, айрыкча унааны сатып алуу алдында. Пайдалануучулар транспорт каражаты жөнүндө кеңири маалыматтарды көрө алышат, тактап айтканда:

- чыгарылган жылы;
- күйүүчү майды тиби;
- кыймылдаткычтын көлөмү;
- күңүрттөөнүн болушу;
- транспортко ээлик кылган мезгили.

Эми кеңейтилген сервистин жардамы менен дагы кеңири маалыматтарды алууга болот, алар:

- акысыз сервистен бардык маалыматтарды;
- рулдун жайгашуусу;
- транспорт каражатынын өңү;
- транспорт каражатынын күрөөдө/ аресте тургандыгы жөнүндө маалымат – бар болсо;
- аныкталган мезгил ичинде ээлер жөнүндө тарых;
- канча жүргөнү (базада маалымат болсо);
- кароо учурунда тартылган унаанын сүрөттөрү.

Азыркы учурда сервис “MegaPay” тиркемесинде, ал эми жакынкы мезгилде башка ата мекендик тиркемелерде жеткиликтүү болот.

Комиссияларды эске алуу менен, кызмат көрсөтүүнүн наркы 10 сомду түзөт. Транспорт каражаты жөнүндө маалымат 24 саат сакталып турат.

Пикир

Оставить комментарий