• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Кувейт менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Кувейттин курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу КР Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Беттештер 18-20-сентябр күндөрү Бишкекте жабык эшик артында көрүүчүлөрсүз жана трансляциясыз өтөт.

Бул беттештер 2024-жылдын 7-октябрынан 11-октябрына чейин Бишкекте өтө турган Азия Кубогунун тандоо этабына даярдык көрүү максатында өткөрүлөт. Кыргызстан турнирдин финалдык баскычына чыгуу үчүн Иран, Ливан жана Мальдив аралдарынын командалары менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий