• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси жыл ичинде үч эсеге көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Ушул жылдын январь-май айларында мамлекеттик бюджетке 142 млрд 920 млн 173 миң сом түшкөн. Мындай маалыматтар Финансы министрлигинин айлык отчетунда көрсөтүлгөн.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсеге көп. Көрсөтүлгөн сумманын 75,5%ы салык кирешелери — 107 млрд 937 млн 911 миң сом.

Бул каражаттардын дээрлик 64%ы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан чогултулган — 68 млрд 902 млн 85 миң сом. Калган сумма бюджетке бажы төлөмдөрүнүн эсебинен түшкөн (39 млрд 35 млн 825 миң сом).

Казынага салыктык эмес түшүүлөр 30 млрд 946 млн 198 миң сомдон ашты.

Пикир

Оставить комментарий